super.kg logo

Борбордо Кыргызстандагы дунган таануу илиминин көйгөйлөрүн талкуулоочу Эл аралык 2-форум өтүүдө

 

Бишкекте 17-18-июнь күндөрү КРнын Улуттук илимдер академиясынын Дунган жана кытай таануу борборунда Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу астында Кыргызстандагы дунган таануу илиминин көйгөйлөрүнө арналган Эл аралык 2-форум өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун ишине КРнын УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев, ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев катышмакчы.  

“Дунгандардын эл аралык форумунун биздин мекемеде өтүүсү абдан символикалуу. Дунган таануу борборунун калыптануусуна кыргыздардын алгачкы окумуштуусу Касым Тыныстановдун, дүйнөгө атагы чыккан лингвисттер Евгений Поливановдун, Лотмандын салымын да айта кетким келет. Учурда аталган бөлүм дунган таануу боюнча көптөгөн эмгектерди жарыкка чыгарды. Келечекте дунган таануу бөлүмү өнүгөт деген ойдомун”, - дейт Улуттук илимдер академиясынын президенти А.Эркебаев.

Форумда дунган таануудагы дунган тили жана кытай тилинин диалекти, дунган таануу илиминин абалы жана анын өнүгүү келечегине арналган актуалдуу маселелер каралары күтүлүүдө. КРдагы дунган таануу илими 1954-жылдагы КРнын Илимдер академиясынын системинде Дунган маданияты секторун уюштурууга байланышкан. Дунган окумуштууларынын көңүл чордонунда алгач эле тарых жана этнография, тил жана адабият маселелери турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: