super.kg logo

Быйыл Нарын шаарынын туристтик картасын чыгаруу пландалууда

 

Нарын шаарында бүгүн, 17-июнда өкмөттүн облустук өкүлчүлүгүндө облустун туристтик картасын түзүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага ылайык, картаны ушул жылы чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Кыргыз шырдагы, Кымыз фестивалдарын өткөрө турган ишкерлер да катышты. Анда жергиликтүү аймакта туристтерди тосуп жатышкан жаратылыш жерлери, тарыхый аймактары менен эс алуу жайларынын абалдары талкууланды. Аны менен бирге жакында боло турган Ат-Башы районундагы Кыргыз шырдагы фестивалына кызуу даярдыктар болуп жатканы белгилүү болду.

Жыйынга өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова жана Нарын, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун администрацияларынын орун басарлары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.06.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туризмдин онугушуно жол ачат бул карта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: