Алексей Федосеев бразилиялык Эмерсон Фалькаону утуп, Дүйнө чемпиону катары кур тагынды (фоторепортаж)



WAKO-PRO федерациясынын вице-президенти Насири Нассер мелдештин алдында сөз алып, татыктуу кикбоксчу жеңишке жетишсин деген тилегин айтты.

Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов акыркы кездерде кыргыз кикбоксунун бир топ өнүгүп калганын айтты.

Бул беттешти көрүүгө ашыгып келгендердин саны көп болду.

КРнын Кикбоксинг федерациясынын президенти, Алексейдин машыктыруучусу Александр Воинов да сөз алды.

Бул күн бир катар салмактык бөлүктөрдөгү рейтингдик беттештер менен коштолду.

Рингге кыздар да чыгып, көпчүлүктүн сүрөөнү астында кызыктуу беттеш өткөрүштү.

58 килограмм салмакта рингге чыккан Улан Касымбеков да жеңиш ээси болду.

Белгилүү кикбоксчу Мирбек Сүйүнбаев жашы өтүп калганына карабай рингдин кожоюну экенин далилдеп келет. Ал алгач өзбекстандык атаандашына кыргыздын калпагын тартуу кылды.

Андан соң күчкө салбай, тажрыйбасын колдонуу менен жеңишке жетишти.

Кезектеги раундду ийгиликтүү өткөргөн Мирлан Ибрагимовго машыктыруучусу Жанбулат Амантаев кеңеш берүү менен катар суу чачып, эс алдырып жатат.

Кумар Жалиев да рейтингдик беттеш өткөрүү үчүн көпчүлүктүн сүрөөнү астында рингге чыкты.

Кумар Жалиев атаандашынан кыйла айырмаланып турду.

Анын узаткан соккуларына туруштук бере албаган орусиялык кикбоксчу ринг кучактай жыгылды. Аны дарыгерлер убара болуп жатып араң эсине келтиришти.

Күндүн башкы беттешинин алдында чакан тасма көрсөтүлүп, анда Алексей Федосеев менен атаандашы Эмерсон Фалькао өзүлөрү тууралуу айтып беришти.

Бишкектеги иш-чара Бразилиянын карнавалына айланып кете жаздады. Карнавалга даярдалган кийим менен алгач кыздар рингдин четине чыгышты.

Андан соң Эмерсон Фалькао бетин чүмкөп алып эл алдына чыкты.

Алексей Федосеев болсо адаттагысынан жазбай, ашыкча шоу уюштурган жок.

Жеңүүчү аталган мушкер ээ боло турган чемпиондук кур элдин назарына коюлду.

Фалькао колун бооруна алып, өз өлкөсүнүн гимнин тыңдап жатат.

Кыргыз Республикасынын Гимни обого жаңырууда.

Алексей алгачкы мүнөттөрдөн тарта ыкчам чабуулдарды уюштурду.

Алексей кезектеги чабуулга чыкканда атаандашы бир топ теңселип барып токтоду.

Жердешибиз колу менен да, буту менен да мыкты соккуларды узата алгандыгы менен айырмаланып турду.

Спортчу Мирбек Сүйүнбаев чемпиондукка талапкер жигитке кеңеш берип жатат.

Жакын аралыкта мушташууда Фалькао мыкты экени байкалды.

Алексей колу менен да, буту менен да сокку узатып, тиешелүү упайларды алып жатты.

Калыстардын жыйынтыгын күтүп жатканда Фалькао менен Алексей жана калың эл катуу апкаарып турду.

3 калыстын чечими менен жеңиш ээси деп Алексей Федосеев табылды.

Ага WAKO-PRO федерациясынын вице-президенти Насири Нассер менен Мурат Саралинов чемпиондук курду тагып жатышат.

Алексей ортодо болгон кыйынчылыктардан улам чоң спорттон алыстай түшкөн. Эми кайтып келгенин элге айтып, элдин ишенимин актоого аракет кылганын кошумчалады.

Ышкырык-кыйкырыктар, кол чабуулар жана бардык иш-аракеттер Алексейдин жеңишинин арты менен болду.
17-июнда Бишкекте кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев профессионалдар арасында WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш өткөрүп, жеңишке жетишти. 63 килограмм салмак категориясында өткөн тиреште анын атаандашы бразилиялык Эмерсон Фалькао болду.
Бул күн концерттик программа жана рейтингдик беттештер менен коштолду. Күндүн негизги беттешинде күйөрмандар 5-раунддук беттешти көрө алышты. 1 раундга бөлүнгөн убакыт 3 мүнөттү түздү. Жыйынтыгында жердешибиз чемпиондук курду тагынып, чоң спортко кайрадан ийгиликтүү кайтып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Комментарийлер(10)
sultan89

18.06.2014. 02:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат
SHS

18.06.2014. 02:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alga Aleksei.
Baky006

18.06.2014. 02:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга
daniyar93

18.06.2014. 03:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кайсыл улуттан болбосун ким болсода Кыргызстандын наамысын коргосо болду! Азамат Алексей.
muslim7

18.06.2014. 06:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец.
mekusha

18.06.2014. 06:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бокс менен биздин элди дуйного таанытып келе жаткан мырзаларга Алкыш!!!!Силерге таазим
aikol87

18.06.2014. 08:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишинен да, тиги калпак менен тууну которуп турганына суйундум.Азаматсын ийгиликтерди багынта бер.
Munar2004

18.06.2014. 08:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откондо сулуулук конкурсунда биринчи орунду кимдир бироолор орус улутуна беришти деп комент жазышкан алар эми кыргыздын желегин желбиреткен орус жигит Алексейге эмнедеген комент жазышаар экен?Молодец алга Алексей.
nabi89

18.06.2014. 08:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол кыргыз элим бар бол азаматтар бир кыргыз менен кыргызды да салганбы ринкке
askat1985

18.06.2014. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бразилия менен футбол ойнобосок дагы кикбокс боюнча утуп алдык азаматсын алга КЫРГЫЗСТАН
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.