super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги “Кыргызгазга” караштуу газ түтүктөрүн казып кетүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун комитет жактырды

 

17-июнда ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде "Баткен облусундагы “Кыргызгаз” ишканасына тиешелүү пайдалануудан чыккан магистралдык газ түтүктөрүн казып чыгарып кетүүгө бөгөт коюу жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, жактырылды.

Демилгечи депутат Назарали Ариповдун айтымында, Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорунун Жаңы-Жер, Бешкент айыл аймактарында Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын аймагы менен өткөн жер астындагы 4 бутактуу газ түтүктөрү салынган. Бул газ түтүктөрү казылып алынып сатууга даярдалып жаткандыгы тууралуу маалымат бар. Токтом долбоору аркылуу бул газ түтүктөрү сатылбашын, мамлекеттин пайдасына калтырууну камсыздоо сунушталган.

Талкууда бул маселеге “Кыргызгаз” толук жоюла элек учурда анын директору Тургунбек Кулмурзаев жооп бериши керектиги белгиленди. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев да газ тармагынын саясаты министрликте болгону менен, чарбалык иштер “Кыргызгаздын” өзүндө экенин айтты. 

Жыйынтыгында аталган токтом долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: