super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда бир жыныстуу мамилелерди жайылтууга тыюу салуу демилгеленүүдө

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 17-июндагы жыйынында үй-бүлөнү коргоого жана бекемдөөгө, башынан калыптанган элдик салт-санааны сактоого багытталган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда "Тынч чогулуштар жөнүндө" жана "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамдарга бир жыныстуу катнаш жасоого, никеге турууга үгүттөө жосундарына тыюу сала турган жоболор камтылды. Коомдук жайларда ар кандай иш-чаралар менен гей-параддарды өткөрүүгө да тыюу салуу жагы каралган.

Талкууда депутат Мыктыбек Абдылдаев табигый жуптардан турган үй-бүлө жана тарыхый жактан калыптанып калган кыргыз мамлекетинин каада-салт баалуулуктарын коргоо зарыл экенин белгиледи. Бир жыныстуу никеге туруу жосунун жайылтуу аракеттерине карата жаза чараларын катаалдаштыруу сунушун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: