super.kg logo
  Саясат  

Таалайбек Айдаралиев: “Жаңы айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн жеке дыйкандардын мүмкүнчүлүгү жок”

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн Кыргызстанга 20 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөө коюусуз берилет. Анын алгачкы 8 жылында насыя пайызы төлөнбөйт. 

Жыйында Депутат Курманбек Дыйканбаев айыл чарба техникаларын сатып алгандан кийин ири кооперативдерге берүү сунушуна каршы экенин айтты. “Алынып келине турган техникаларды кооперативдерге гана беребиз деген болбош керек. "Кредитти төлөгөнгө кудуретим жетет" дегендерге бериш керек”,- деди.

Ал эми министр Айдаралиев алынып келине турган техникалардын баасы кымбат болорун белгиледи: “Техникалардын баалары 30 миң доллардан 100 миң долларга чейин болот. Ал кымбат болгону үчүн дыйкандардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Кооперативдердин гана мүмкүнчүлүгү бар”.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: