super.kg logo
  Саясат  

Сауд Арабия кыргыз тарапка Эр-Рияд шаарынан 6340 чарчы метр жерди 49 жылга ижарага берет

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан өкмөтү менен Сауд Арабиянын өкмөтү ортосундагы Сауд Араб элчилигинин имаратын Кыргызстанда куруу үчүн жер тилкесин берүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туурасында” мыйзам долбоору каралды. Бул маселе боюнча тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов баяндама жасады.

Мыйзам долбооруна ылайык, Сауд Арабия кыргыз тарапка Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталынан 49 жылга пролонгация шарты менен 6340 чарчы метр жер тилкесин, ал эми Кыргызстан Сауд Арабия тарапка Бишкек шаарынын Тынчтык проспектиндеги жерлерден 49 жылга пролонгация шарты менен 20 000 чарчы метр жер тилкесин берет. Бешимовдун айтымында, сауд арабиялык тарап кайтарымсыз негизде 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам бөлүүгө даярдыгын билдиришкенин айтты. “Бул каражат Эр-Рияд шаарына Кыргызстандын элчилигин курууга жумшалат”,- деди ал.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: