super.kg logo

Флорида штатында салмагы 200 килограмм болгон кишинин курсагындагы май катмарларынан баңгизат табылды

 

Флорида штатында полиция кызматкерлери салмагы 200 килограмм болгон кишинин курсагындагы май катмарларынан 23 грамм баңгизат табышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары коопсуздук курун такпай унааны башкарып келе жаткан айдоочуну токтотушкан. Алгач алар ага айып пул төлөтүп эле коё берүүнү ойлошот. Бирок полиция кызматкерлеринин ити анын унаасы тарапты карап кечке үрө берет. Мындан улам шек санаган укук коргоочулар айдоочуну жана анын унаасын тинтүүгө алышат. Жыйынтыгында 38 жаштагы айдоочу Кейтиан Роберттин курсагындагы май катмарларынан баңгизат, унаадан байпакка катылган 7 миң доллар жана тапанча табылган. Учурда айдоочуга баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн кылмыш иши козголду. Анан, албетте, курду такпай унаа айдагандыгы үчүн айып пул төлөгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Оклахома штатында курсагындагы май катмарларына кийим катып чыгып бара жаткан уурулар кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.06.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта.
18.06.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш методко а
18.06.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чекистин бизнеси кучтуу турбайбы. Камактан бир 50-60кг таштап чыгат эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: