super.kg logo

Ысык-Ата районунда кымбат баалуу унаанын ээсин сабап, унаасын айдап качып кеткендер кармалды

 

Ысык-Ата районунда кымбат баалуу унаанын айдоочусун сабап, унааны айдап качып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 15-июнь күнү саат 03:00 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Будёновка айылында белгисиз адамдар кымбат баалуу унаанын ээсин жана рулда отурган 1995-жылы туулган кызды сабап, андан соң унааны айдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкени айтылган. 2 сааттан кийин уурдалган унаа табылып, ичиндеги 3 жаран кармалган. Алар 1993-жылы туулган Ибрагим, 1989-жылы туулган Сулейман, 1989-жылы туулган Нурсултан экендиги аныкталган.

Алар Хаммер үлгүсүндөгү унааны Будёновка айылында "милиция кызматкерибиз" деп күбөлүктөрүн көрсөтүп токтотушкан. Андан соң унаанын ээсин жана 1995-жылкы кызды сабап, унааны айдап качып кетишкен.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






Хаммердин ээсин сабап, айдап качып кеткендер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.06.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тунку саат учто емне кылып журот екен бул жаш кыз
Медиа-портал
21.09.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салалыш керек буларды .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: