super.kg logo

Кыргызстанда адамдардын укугун коргоо боюнча жайкы мектеп уюштурулат

 

20-22-июнда Кыргызстандагы “Кашка-Суу” туристтик базасында “Орто Азияда эркин билдирүү” темасынын алкагында адам укуктарын коргоо боюнча жайкы мектептин 4-сессиясы өткөрүлөт.

“Жайкы мектеп - адам укуктарын үйрөтүүгө багытталган Орто Азиядагы биринчи окуу борбору. Биз адам укуктары боюнча бийик деңгээлдеги билим берүүгө умтулбайбыз. Болгону новатордук изилдөөлөрдү киргизүүгө, мектеп окуучуларынын жана студенттердин арасынан лидерди өстүрүү потенциалын жогорулатууга салым кошобуз",- деп билдиришет уюштуруучулар.

Жайкы мектепте эл аралык, регионалдык, жергиликтүү деңгээлде адам укуктарынын концепциясы боюнча лекциялар өткөрүлөт. Мындан тышкары кедейчилик, коопсуздук, гендердик теңдик, эркиндик, балдар, дискриминация, ден соолук, тынчтык, зордук-зомбулук, айлана-чөйрө, спорт, эмгек жана башка жалпы 15 тема каралат.

Сессияга Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстанда окуган студенттер катышат. Иш-чараны эл аралык Пен-борборунун регионалдык субъектиси болгон орто азиялык Пен-клубу уюштурууда. 

Эл аралык Пен-клубу 1921-жылы түзүлгөн. Бул жазуучулардын укугун коргогон Бүткүл дүйнөлүк уюм. Ал дүйнө жүзүндөгү жазуучулар арасында достукту чыңдоо, идеясы үчүн куугунтукка кабылган жазуучулардын эркиндигин коргоого багытталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: