super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Голландия курамасы Австралияны 3:2 эсебинде кыйынчылык менен утту

 

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында Голландия курамасы менен Австралия кез келип, кызыктуу беттеш тартуулап беришти. Бул оюнда күйөрмандар жалпысынан 5 гол көрүштү. Алгачкы оюнда Испания курама командасын 5:1 эсебинде утуп, бир топ ишенимдүү оюн алып барып калган Голландия бул жолу жеңишке оңой жете алган жок.

Ошентип, Голландия курамасы 3 упай алып, тайпадан мөөнөтүнөн мурда чыгууну камсыздады. Ал эми экинчи ирет Австралия курама командасы акыркы оюнун Дүйнө чемпиону Испанияга каршы ойноп алып үйүн көздөй аттанат.

Кошумчалай кетсек, бул командалардын тайпалык баскычтагы акыркы тур оюндары Робин ван Перси (Голландия) жана Тим Кэхиллсиз (Австралия) өтөт. Себеби алар эреже бузуп, калыс тарабынан сары эскертүү кагазын алып калышты.

Голдор: Арьен Роббен (20-мүнөт), Тим Кэхилл (21-мүнөт), Единак (54-мүнөт, пенальти), Робин ван Перси (57-мүнөт), Мемфис Депай (68-мүнөт).





ДЧ-2014. Австралия - Голландия

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.06.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох биринчи жолу футболду коруп аябай кызыгып кеттим,бирок мен Австралияга жан тартып жаттым эле,акыркы гол киргенде кайра Голландияга ооп кеттим))))Эми футболдун суйуучулор катарына менда кирип калдым....
19.06.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия Алга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: