super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Асия Сасыкбаева: "Мадрид клубу Жогорку Кеңештин ачыктыгын бекемдөөгө көмөктөшүп жатат"

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 18-июнда Сербиянын экс-президенти, Мадрид клубунун мүчөсү Борис Тадич менен жолугушту.

Сасыкбаева өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жаатында колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Мадрид клубуна ыраазычылык билдирди. "Мадрид клубу өлкөдө күчтүү жарандык коомду түзүүгө жана демократиялык өзгөрүүлөрдү жылдырууга, анын ичинде парламентаризмди жана Жогорку Кеңештин ишинин ачык-айкындуулугун бекемдөөгө көмөктөшүүдө. Эгемендик жылдары биздин өлкө иликтенип жаткан жана мындан ары да иликтене бере турган бир катар тоскоолдуктарга тушукту. Ушундай чакта Мадрид клубу менен кызматташуу кыргыз тарап үчүн өтө маанилүү болуп саналат",- дейт вице-спикер.

Борис Тадич Кыргызстан өзгөрүп, ушу тапта өнүгүү жана кайра жаңыруу жолунда баратканын айтты. "Сербия дагы өзгөрүүнүн орчундуу баскычынан өтүп жаткан өлкөлөрдүн бири, ошондуктан биз алдыда дагы кандай кыйынчылыктар менен чакырыктарга каршы турууга туура келерин жакшы түшүнөбүз",- деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: