Аксыда 20-июнда Иринжит каналынын ачылышы болуп, ага өлкө башчынын катышары күтүлүүдө
Аксы районунда 20-июнь күнү Иринжит каналын ишке киргизүү аземи болот. Муну бүгүн, 19-июнда акимчиликтен билдиришти. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаевдин катышары күтүлүүдө. Былтыр Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында президент аталган каналдын курулушу менен таанышып чыккан. Айта кетсек, Иринжит каналы Беш-Батман суу чарбачылыгына кирет, каналдын жалпы узундугу - 7 чакырым 620 метр. Ишке кирсе, аймакта миңдеген гектар жер сугат жерге айланары айтылууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















