Алайда тосулган жолдон улам туристтик компаниялар жапа чегишүүдө
Ош – Эркеч-Там унаа жолу камакта отурган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан тосулганынан улам туристтик компаниялар жапа чегишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-июндагы маалымат жыйынында "Жибек Жолу - туризм" ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.
Анын айтымында, жакында Алай районунда буулган жолдун айынан чет өлкөдөн келген туристтер кыргыз-кытай чек арасында 1 жумага жолдо калышкан. “Эл аралык туристтик операторлор кыргызстандык турфирмаларга айып салышууда. Мындан тышкары алар “программаларды жаап салабыз” деп коркутушууда. Ош – Эркеч-Там унаа жолун ачуу боюнча биз президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуу даярдадык”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.