"Кытай жаранынын чөнтөгүнөн уюлдук телефон уурдады" деп шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды
"Кытай жаранынын чөнтөгүнөн уюлдук телефон уурдады" деп шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлерине 1955-жылы туулган кытай жараны кайрылып, белгисиз адамдар чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткендигин кабарлаган.
Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Сокулук районунун 1978-жылы туулган Нурбек аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.