Түркиянын экс-президенти Кенан Эврен өмүр бою эркинен ажыратылды
Түркиянын мурдагы президенти (сүрөттө) Кенан Эврен жана өлкөнүн 89 жаштагы генералы Тахсин Шахин өмүр бою эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда чет элдик ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, 96 жаштагы Эврен жана Шахин "1980-жылдын 12-сентябрында мамлекеттик түзүлүштү бузган" деп айыпталышты. Алар сотто мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганын моюнга алышты.
Эврен жана Шахин учурда ооруканада дарыланып жатканы айтылды.
1980-жылдагы мамлекеттик бурулуштан кийин Эврен өлкөнүн президенти болуп шайланганга жетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















