super.kg logo

Ысык-Көл облусунда биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча жыйын болуп өттү

 

Бүгүн, 19-июнда Ысык-Көл облусунда биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча атайын жыйын болуп өттү. Ага Ысык-Көл облусундагы район, шаар, айыл аймак башчылары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, кызматкерлери катышышты. Жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан жарандардын биометрикалык маалыматтарын түзүү боюнча долбоор тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Жыйындын катышуучулары биометрикалык маалымат топтоо, долбоордун экинчи этабы болгон биометрикалык паспорт тууралуу ар кыл суроолорго жооп ала алышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

КРнын калкынын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча чечимине ылайык, аталган иш-чара республиканын бардык облустарында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын 31-августунан тартып, өзүнө жарандын 10 манжасынын издерин, бет түзүлүшүнүн санариптик фотосүрөтүн, жеке өзүнүн колун камтыган биометрикалык маалыматтарын массалык түрдө топтоону жүргүзүү пландаштырылган. Бул иштерди аткарып бүтүү үчүн 11 ай убакыт берилгени айтылды. Биометрикалык маалыматтарды бүткүл республика боюнча топтоо үчүн паспорттук столдордо, Транспортту каттоо департаменттеринде, “Манас” жана “Ош” аэропортторунда, ири өткөрмө пункттарында, ири соода борборлорунун аймактарында, ошондой эле мамлекеттик мекемелерде, чет мамлекеттердеги элчиликтерде уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: