super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Чаткал районунда мектеп өрттөнүп, жараксыз абалда калды

 

Бүгүн, 16-январда Чаткал районунун Кара-Суу айылындагы А.Айымбетов атындагы мектеп өрттөнүп, жараксыз абалда калды. Бул тууралуу ӨКМнын  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы эртеӊ менен саат 8:50 чамасында болуп, кардын көп жаап, жолдогу кар күрткүсүнө байланыштуу өрт өчүрүү кызматы окуя болгон жерге жете алышкан эмес. Тилсиз жоону өчүрүүгө жергиликтүү 300 дөй адам тартылган. Мектептин эмеректери, окуу куралдарынын көпчүлүгү мектеп жамаатынын жана айыл тургундарынын күчү менен сакталып калынган. Ошондой эле адам өмүрүнө эч кандай зыян болгон эмес. Учурда мектеп жараксыз абалга келип, өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымы такталууда. Айта кетсек, бул мектеп 9 жылдык болуп, 70 орунга ылайыкташтырылган жана 2001-жылы ашар жолу менен курулган. Жалпысынан 83 окуучу окуп, 17 мугалим эмгектенет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: