Токтогул ГЭСиндеги суу көзөмөлдөнүп жаткандыгы айтылды
Бүгүн, 19-июнда Токтогул ГЭС каскадынын директору Таалайбек Толубаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайгандыгынын себептери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, суунун азаюусунун бирден-бир себеби электр энергиясынын көп колдонулуп жаткандыгында.
"Бүгүн суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард метр кубдан ашып турат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 миллиард метр кубга аз. Учурда агып кирген суунун агымы 1065 метр кубга көбөйдү. Өткөн жылы көрсөткүч 679 метр куб болгон. Жылуулук берүү сезонуна чейин суунун көлөмү 12 миллиард метр кубга жетет деген ойдобуз. Ар бир тамчы суу көзөмөл астында",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aviator

19.06.2014. 19:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эле цифралар. Сууну сатып буткондон кийин эмнесин козомолдойсунор.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.