super.kg logo

“Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи өткөрүлөт

 

21-июнда Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде "Прогрессивдүү демилгелер" фондунун “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Аталган коомдук мектептин максаты - жаш лидерлерге кошумча акысыз билимге ээ болууга шарт түзүү жана илимдүү, жоопкерчиликтүү команданы, мамлекеттин келечегин куруу. "Прогрессивдүү демилгелер" фондунан билдиргендей, Бишкек шаарынын 22 жогорку окуу жайынан тандалып алынган студенттер теориялык билим менен кошо прикладдык тажрыйбага ээ болушту. 3 айдын ичинде 9 экскурсия жана 36 профессионалдык лекция менен тренингдер өткөрүлдү. Лекцияларды белгилүү коомдук ишмерлер, ийгиликтүү ишкерлер, окумуштуу жана мамлекеттик кызматкерлер окушту.

Салтанатта 100 лидерге сертификат тапшырылат. Ошондой эле “Келечектин центуриондору” аттуу китептен лидерлер өз кайрылууларын окуп беришет. Ал эми 3 ай бою тартылган отчёттук тасмада бардык процесстин кызыктуу жана пайдалуулугу көрсөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: