super.kg logo
  Саясат  

"Мекен ынтымагы" саясий партиясы: "Жол, көпүрө салып берүү партиялардын эмес, өкмөттүн милдети"

 

Жергиликтүү маалымат булактарында "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков тууралуу "4 жылдан бери сүйлөп эле келе жатат, бизге эмне кылып берди? Башка партияларга окшоп көпүрө, жол салып бербей жатат", "эл кыдырып жүрөт, бирок бийликке барбайм деди" сыяктуу кептер айтылып келүүдө.

Бүгүн, 20-июнда "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын борбордук аппаратынан "Акыркы 4 жыл боюнча учурда бийликте тургандардан суроо керек, анткени жоопкерчилик мыйзам чегинде алардын мойнуна жүктөлгөн. Бийликке келе элек партиядан өкмөттүн милдетине кирген иштерди талап кылуу мыйзамды толук билбегендиктин натыйжасы болсо керек" деп билдиришти. 

Маалыматта "Партиялардын милдетине жол салып берүү, көпүрө салып берүү кирбейт. Ал өкмөттүн  милдети. Белгилүү бир партия элдин ишенимин алып, бийликке келсе, ошонун негизинде өкмөт бекитилет жана ал өкмөт толук кандуу жооптуу болот. Өкмөттү эске албай туруп "бул партия акча берет экен", "бул партия жолду оңдоп берет экен", "бул партия көпүрө салып берет экен, зал салып берет экен" деп күтүү ичинде болсок, анда өкмөттүн эмне кереги бар бизге? 

Түздөн-түз "сатылгандыкты" мыйзамдын чегинде каралышын туура деп баалайбыз. Жогоруда айтылган  элге жардам беримиш түр көрсөтүп, добуш сатып алуу аракеттерин көмүскө экономикасынан тапкан акчаларын элге таркатуу менен элди ого бетер сазга батыруунун аракети экенин таамай белгилейбиз жана элибиздин бул туңгуюктан чыгуусу үчүн мындай көрүнүштөргө алданбашын чын көңүлдөн тилейбиз. Бул аруу аң-сезимди жайылтуу Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берет деп бекем ишенебиз!" деп кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: