super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Луис Суарес Англияга 2 гол киргизип, Уругвайга 3 упай алып берди

 

Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы “Арена Коринтианс” стадиону 19-июндан 20-июнга караган түнү “D” тайпасындагы Уругвай менен Англиянын беттешин кабыл алды. Беттеш 2:1 эсебинде уругвайлыктардын пайдасына чечилип, команда 3 упай ээси болду.

Өткөн оюнда жаракатынан улам ойнобогон Луис Суарес бул оюнда Уругвайдын башкы курамында майданга чыкты. Ал алгачкы 45 мүнөттүктө айырмаланып, командасын алдыга чыгарды. Оюндун кийинки жарымында Дүйнө чемпиондуктарында жалпысынан онунчу оюнун өткөрүп жаткан англиялык Уэйн Руни өзүнүн аалам биринчиликтериндеги алгачкы голун киргизип, эсепти теңеди. Оюндун бүтөрүнө саналуу гана мүнөттөр калганда Луис Суарес командасын кайрадан алдыга чыгарды. Жалпысынан оюн бир команданын көзөмөлүндө болду деп айтуу кыйын. Эки команда тең өз оюнун ойноп, кооптуу кырдаалдарды түзүп жатышты. Мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен гана Уругвай жеңиш ээси болду.

Голдор: Суарес (39-мүнөт), Руни (75-мүнөт), Суарес (85-мүнөт). 






Дүйнө чемпиондугу: Англия - Уругвай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.06.2014. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
[color="blue"][b]Максат байке уктабай футбол корот экенсизда ээ??Суперстанга кирин ошол жакта чогу королу :)
[/b][/color]
20.06.2014. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен башындале Уругвайды балет еткенлем урааааааааааааааааааааааааааааа!!!!!!!!!!!!!!
20.06.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitgul, же кыргызча,же орусча туура жазганды уйронсонор,ай. "Мен башында эле Уругвайга болеть эткен элем" деп жазылса керек туура варианты.
20.06.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уругвай-Англия эн кызык оюндардын бири болду,Суарес чыныгы бомбардир экенин дагы бир жолу далилдеди!!!
20.06.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат! Максат ишине ийгилик
21.06.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: