super.kg logo

Бүгүн Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын бүтүрүү салтанаты өткөрүлдү (фоторепортаж)

 
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү.
Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун жубайы Жамалбүбү Асанова бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Салтанатка келген бүтүрүүчүлөрдүн энелери.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу маршы.
Лицейдин туусу менен коштошуу аземи.
Лицейдин туусу менен коштошуу аземи.
Лицейдин туусу менен коштошуу аземи.
Лицейдин туусу менен коштошуу аземи.
Бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу маршы.
Бүтүрүүчүлөр "Бүттү!" деп кыйкырышып, асманга тыйындарды ыргытышты.
Тыйындарды кичинекей бөбөктөр чогултуп алышты.
Тыйындарды кичинекей бөбөктөр чогултуп алышты.
Тыйындарды кичинекей бөбөктөр чогултуп алышты.
Келечектеги аскер кызматкери.
Бүтүрүүчү Самат Жолборсов.
Салтанаттын жүрүшүнөн.
Бүтүрүүчү Темир Закиров апасы менен.
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүп жатышат.

Бүгүн, 20-июнда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш” сейил багында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын бүтүрүү салтанаты өткөрүлдү. Бул иш-чарада аталган окуу жайдын 58 бүтүрүүчүсү толук орто билими тууралуу эңсеген аттестаттарын улук офицерлердин колунан алышты.

Бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Замир Сүйөркулов, Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов жана Дайыр Асановдун жубайы Жамалбүбү Асанова куттукташты. Ошондой эле салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышышты.

Лицейдин туусу менен коштошуу жана салтанаттуу марш оркестрдин коштоосунда жүргүзүлдү. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү өздөрүнүн тагдырын аскер жашоосу менен биротоло байланыштырууну каалашат.

Лицейде үч жыл бою аскер окуу жайынын ичинде жашаган келечектеги аскер кызматкерлери окутуучулардын эмгегине ыраазычылыгын бидиришти. Анткени окуу жай өз алдынча жашоонун алгачкы тепкичине олуттуу таасир калтырды.

“Бүгүн мени башкача сезимдер курчап турат. Салтанатка күбө болуу үчүн апам Орусиядан атайын келди. Мен өзүмдүн тагдырымды аскер жашоосу менен байланыштыргым келет. Алдыда Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматынын алдындагы Калининград чек ара институтуна тапшырайын деп турам”, -дейт бүтүрүүчү Темир Закиров.

“Мен кичине кезимден бери эле аскер болууну кыялданчумун. Тилегим акырындап орундалып, учурда аскер окуу жайын бүтүрүп жатам. 15 жашымдан баштап аскер формасын кийип, тартиптүүлүккө, жыйнактуулукка үйрөндүм. Эми Орусиянын Челябинск шаарындагы Аскердик аба күчтөрүнүн академиясына тапшырам”,- деп бүтүрүүчү Самат Жолборсов келечектеги пландары боюнча бөлүшүп өттү.

“Бүгүнкү күндөй бактылуулук жок болуш керек. Анткени балам эр жетип, атасынын жолун жолдоп аскер окуу жайын аяктап отурат. Анын мекендин сүйүп, аскер кызматын тандап алганы мен үчүн сыймык”,- дейт бүтүрүүчү Чыңгыз Мусаевдин апасы Бактыгүл Соотова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
20.06.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы. ийгилик баарына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: