Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын айынан 8 адам жаракат алып, орусиялык жаран каза тапты
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын айынан 8 адам жаракат алып, орусиялык жаран каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Токтогул районунда 2014-жылдын 19-июнь күнү саат 18:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 234-чакырымында жол кырсыгы катталды. Орусиялык жаран башкарып келе жаткан 8 орундуу унаа башкаруудан чыгып, жолдун боюнда токтоп турган Рено жүк ташуучу унаасын сүзүп алган. Жол кырсыктын кесепетинен 8 орундуу унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Мындан сырткары аталган унаадагы 8 жүргүнчү жеңил жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышып, унаадан каза болгон айдоочунун жансыз денесин чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Lumia-800

20.06.2014. 17:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш орустар,туристтер болсо керекда. Ошол жолдо кундо жургон биздин таксисттерге рахмат!
ayakosya

20.06.2014. 22:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оруска жалко болуптур. МАИ кырсыкка дагы эле он рулдду автомашиналарды куноолоп тим болот го коросунор.
nazhiev80

21.06.2014. 00:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы орус россия пасспортун алган кыргыз да
kg.555

22.06.2014. 02:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбек улутундагы россиянын жарааны экен эле ал
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.