super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан газ бербейт, Казакстандан Ошко газ түтүгүн тартуу пландалып жатыптыр

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн түштүгүнө газ берүү боюнча Өзбекстандын талаптарын атады. Президенттин билдиришинче, коңшу өлкөнүн талабын Кыргызстан аткарбайт. "Алар биздин Чоң-Алай аркылуу өтчү Түркмөнстан - Кыргызстан - Кытай газ түтүгүнө биздин кошулбашыбызды талап кылууда. Бирок биз бул талапты аткара албайбыз. Алардын газ берүү ою жок",- деди өлкө башчы. 
Кыргызстан газ үчүн Өзбекстанга жалдырабай турганын айткан президент: "Газпромдон" бул кырдаалдан чыгуунун бир жолун табууну сурадым. Орусиялык компания Казакстандан Талас облусу аркылуу өлкө түштүгүнө газ түтүгүн тартууну пландап жатат",- деп билдирди. 
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Аксы районуна барды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: