super.kg logo

“Массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттин жана коомдун ролу” деген аталыштагы конференция өткөрүлдү

 

Бишкекте 17-июнда “Жарандык өзүн таануу: ар түрдүүлүктөгү биримдүүлүк. Массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттин жана коомдун ролу”  деген аталыштагы конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда уюштуруучулар кабарлашты. 

Конференцияга этника аралык жана тилдик саясат боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жоопкерчиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын жана этникалык диаспоралардын башчылары, окумуштуулар жана эксперттер катышты. Иш-чарада тил аспектисиндеги маалыматтык аянтчаны калыптандыруу боюнча мамлекеттик саясат, ар түрдүү этникалык топтордун тилдериндеги маалыматка жеткиликтүүлүк, массалык маалымат каражаттарынын учурдагы абалы, билим берүүдөгү журналистиканын маселелери жөнүндө 15тен ашык доклад окулган.

"Массалык маалымат каражаттары аркылуу көп түрдүүлүктү жайылтуу" долбоору көп түрдүүлүк боюнча контентти өнүктүрүүгө, этника аралык диалогдо массалык маалымат каражаттарынын конструктивдүү ролун күчөтүүгө, маданий, тилдик, диний, этникалык көп түрдүүлүк темаларды чагылдырууда кесиптик көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: