super.kg logo

Бүгүн "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекованын иши боюнча сот отуруму 7-июлга жылдырылды

 
Бүгүн "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекованын иши боюнча сот отуруму 7-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Калия Арабекова SUPER.KG маалымат порталына бүгүн, 20-июнда билдирди.
Жабырлануучу Калия Арабекова: "Бүгүн сот иши болмок, бирок Алтынбек Алыбаевдин жактоочусу жоктугуна байланыштуу сот иши 7-июлга жылдырылды. Негизинен бүгүн сот отуруму болгон күндө да, биз сотко ишенбөөчүлүк көрсөтөлү деп жатканбыз",- деп билдирди.
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары "өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташкан" деп шектелишүүдө. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташканы айтылган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүлгөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: