super.kg logo

Ош шаарында сууда сүзүү, теннис жана футбол боюнча ири спорттук мелдештер өтөт

 
Ош шаарында 21-25-июнь күндөрү сууда сүзүү, теннис жана футбол боюнча ири спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Ош шаарынын мэриясы жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 26-Июнь - Баңгизат жана мыйзамсыз баңги каражаттарын сатууга каршы күрөшүү эл аралык күнүнө карата уюштурулууда. Ошондой эле спорттук иш-чаралардын салтанаттуу ачылышы 21-июнь күнү Балдар жана жаштар спорт мектебинин теннис клубунун аянтында саат 10:00дө болору белгиленди.
Сууда сүзүү боюнча мелдеш «Дельфин» бассейнинин аймагында, теннис боюнча мелдеш Балдар жана жаштар спорт мектебинин теннис клубунун аянтында, футбол боюнча мелдеш «Дельфин» балдар жана жаштар спорт мектебинин талаасында өткөрүлмөкчү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: