22-23-июнда Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде жол тандабас унаалардын жарышы өтөт

22-23-июнь күндөрү Чүй облусунун Ленин айылында Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде жол тандабас унаалардын жарышы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу “Штурмовик” аттуу кыймылдын эл клубунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарышка катышууга Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын мыкты айдоочулары чакырылган. Жалпысынан 30дан ашык экипаждын келүүсү күтүлүүдө. “Ушул жылдын мелдешинин өзгөчөлүгү - биатлон. Трассанын ар түрдүү жана татаал жолу унаалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет. Жарышта автоунаалар 1200-2000 метрлик шакекче маршрут менен жүрүшөт. Келген көрүүчүлөр үчүн сынактар жана оюндар пландалган”,- дешет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aida2013

21.06.2014. 18:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуусу кимдер уюштуруп акчасын мындайга чачып жатат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.