super.kg logo
  Спорт  

Бельгия менен Португалиянын күйөрманы Урмат Усенов: “Бразилияга баруу тууралуу ойлонгом, бирок шарт туура келбейт”

 

Атактуулардын ичинен футболго жакындан аралашып жүргөндөрдүн бири Урмат Усенов Дүйнө чемпиондугунда ачылыш жасаган командаларды, фавориттерди санап, уюштуруу иштеринин канааттандырарлык экенин айтты. Ырчынын SUPER.КG порталына футбол тууралуу курган маегин назарыңыздарга коёбуз.

- Урмат мырза, футбол көрүп жатсаңыз керек. Кайсы командага жан тартуудасыз?

- Ооба, футбол көрүп жатам. Негизи, мен Испаниянын футбол боюнча биринчилигинде (Ла Лига) ойногон “Реал” менен Англия Премьер-лигасында ойногон “Челсинин” күйөрманымын. Ошол себептүү бул эки клубдун оюнчулары ойногон улуттук курама командаларга жан тартып жатам. Португалияда мен баалаган Криштиану Роналду, Бельгияда Эден Азар ойнойт. Билем, Германия жана башка курамалар күчтүү. Бирок мен жеке принципке таянып, күчтүүлөргө күйөрман боло албайм.

- Күчтүү командалар демекчи, сиздин оюңузча, фавориттер кайсылар?

- Үй ээси катары Бразилия чемпиондукка талапкер. Фавориттердин катарында Голландия жана мыкты машыктыруучу Йоахим Лёв машыктырган Германия курамасы бар. Андан тышкары анча байкалбаган башкы талапкерлер катары Коста-Рика, Уругвай, Бельгия курамдарын санайм. Аталган командалардын ичинен бири сөзсүз жарым финалга жетет.

- Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда кандай өзгөчөлүктөрдү байкап жатасыз?

- Бразилия Дүйнө чемпиондугун уюштурууга 16 миллиард доллар сарптап, буга чейин мелдешти өткөргөн мамлекеттерди артка калтырды. Курамдар каалаган талаптарды, мыкты шарттарды түздү. Ошондой эле мелдеш муун алмашууга туура келди. Тагыраак айтканда, мелдешке катышкандардын басымдуу бөлүгү жаш футболчулар. Дүйнө чемпиондугунан кийин карьерасын жыйынтыктай турган футболчулар да бар. Андан тышкары мелдешке биринчи жолу катышып жаткан командаларды да көрүүгө болот.

- Сиздин чет өлкөлөргө барып келип жүргөнүңүз маалым. Бразилияга барып, мелдешти жандуу көрүп келүү тууралуу ойлонгон жоксузбу?

- Негизи, барып келүү тууралуу ойлонгом, бирок материалдык жагдайыма туура келбейт экен. Акчаны үнөмдөп кармап деле барып келсе болот. Албетте, эс алууну да, жер кыдырууну да эске алыш керек да. Ошол себептүү өзүңөн арткан каражатка гана баруу туура деп эсептейм. Буюрса, 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна сөзсүз барабыз. Өзүм коомдук жайларда, барда футбол көргөндү жактырбагандыктан, учурда үйдө эле отуруп көрүп жатам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.06.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тим эле койбопсуз да Урмат байке. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 23.06.2014 09:18
23.06.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anqelina2 - 3 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Aisanat - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.06.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы суроо болбоптур . Албетте расход коп болотда
¿
21.06.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудайым сабырдуулукту жана уномдуулукту эн жакшы корот. Ошондуктан Урмат азаматсын.Сенин кудайым берген мунозун жана талантын бар.Эл айта берет.Алгалай бер жана ийгилик.
21.06.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажыгада барууну унутпа!
23.06.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolo2 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: