Чүйдө жол кырсыгында бир адамды өлтүргөн айдоочу качып бара жатып дагы 3 адамды сүзүп өлтүрдү
Чүйдө жол кырсыгында бир адамды өлтүргөн айдоочу качып баратып дагы 3 адамды сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Москва районунун Б.Х. аттуу тургуну шаар четиндеги айланып өтүүчү жолдон 40-45 жаштардагы жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын айынан аталган жаран окуя болгон жерде каза тапкан.
Айдоочу андан ары дагы 2 чакырымдай жүрүп, жол четинде турган 3 адамды сүзүп, жол четиндеги унаа жуучу жайга кептелип токтогон. Кырсыктын айынан 3 жаран ошол жерден эле каза табышкан.
Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, жол кырсыгынын себептери аныкталууда. Иликтөө иштери башталганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Кайтыш болгондордун жаткан жери жайлуу болсун!
Erhan - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Тамга менен да, сан менен да жазса болот.