super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Коста-Риканын кезектеги курмандыгы Италия болду

 
Италиянын оюнчулары Клаудио Маркизио менен Марио Балотелли жеңилүүнү акылдарына сыйдыра албай турушат.

Бразилиядагы мелдеш барган сайын кызып барат. Футбол адистеринин айткан ойлору дал келбей калган учурлар көбөйүүдө. “D” тайпасында эң алсыз команда деп бааланганына карабай 1-турда Уругвайды утуп алган Коста-Рика ошол жеңиштин кокустук эмес экенин далилдеди. Бул жолу алардын курмандыгы Италия курамасы болду. Оюн 1:0 эсебинде 4,5 миллион калкы бар Коста-Риканын жеңиши менен аяктады.

Италия – Коста-Рика беттеши курч мүнөздө башталды. Албетте, каршы чабуулду мыкты өздөштүргөн Италия оюн башынан эле атаандаштарынын катасынан пайдаланып, ыңгайлуу мүмкүнчүлүк табуу аракетин көрүп жатты. Бирок оюнду канчалык курчутушпасын, италиялыктар андан да курч жооп алып жатышты. Калыс 40-мүнөттөн кийин 11 метрлик айып соккусун берүүдөн тартынып, коста-рикалыктардын кыжырын кайнатты. Бирок бул кырдаал көпкө узаган жок. 1-тайм бүтөр маалында Коста-Рика ыңгайлуу мүмкүнчүлүк таап, гол жарата алды.

Бул жеңиш менен Коста-Рика “D” тайпасында 3-турда ойной турган Италия жана Уругвай курамаларынын ортосуна от эмес, чоң жалын тутанткандай болду. Себеби карамагындагы 6 упай менен тайпадан чыгып кеткен бул команданын артында үчтөн упай топтогон Уругвай менен Италия калды. Англия болсо 3-турда Коста-Рикага каршы ойнойт. Балким, утат. Бирок ал жеңиш британиялыктардын көңүлүн сергиткенден башка эч нерсе бербейт. Себеби Италиянын жеңишин аябай каалаган англиялыктар эки оюнда уттуруп, упай ала албаган бойдон мелдештен четтеп калышты.

Гол: Брайан Руиз (45-мүнөттө)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.06.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европалыктарды Туштук Америкалыктар бетин жер каратып жатат, м: ошол эле Испания,Англия ,Италия,Хорхатия,Греция. Плей-Оффко европ-н 70% чыкпайт бул турлору м.н
21.06.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolo2 туура айтат. Европа мамлекеттери уйкудан ойгонбостон эле оюнга келгени корунуп турат. Испанияны айтпай эле коелу, Италия эмне деген кучтуу команда Коста Рика дан утулуп калыптыр. Элдин умуту Голландияда калды окшойт. Мен болсо Бразилияны колдойм!
ayakosya түзөттү 21.06.2014 14:51
21.06.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия германияны колдойм
22.06.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкадан Коста-Рика,Колумбия,Чили,Аргентина чыкты,кезекте Бразилия,Уругвай,Эквадор чыгышы кутулуп жатат кийинки этапка.Европанын умуту Голандия,Франция,Германия,Бельгия и Хорватия болуп турат азыр...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: