Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Франция 5:2 эсебинде Швейцарияны утуп, тайпадан чыгууну 100 пайыз ишке ашырды

Франция курама командасы Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында экинчи ири жеңишине жетишип, тайпадан чыгууну 100 пайызга ишке ашырды. Бул жолу франциялыктар Швейцарияны 5:2 эсебинде утуп алышты. Тайпадан экинчи болуп кайсы команданын чыгары 3-тур оюндарында чечилмей болду.
Оюндун алдында мындай эсеп катталарын айтуу кыйын болчу. Бирок бул эки команданын биринчи болуп тайпадан чыгууга аракеттенишерин эске алып, жакшы оюн болоруна кепилдик берүү мүмкүн болчу. Оюн тең салмактуу башталганы менен, 17-мүнөттө эсеп ачылып, 1 мүнөт өтпөй франциялыктар экинчи голду киргизишти. Оюндун калган бөлүгүндө 2 команда тең чабуулдарды уюштурду. Франция атаандаштарынын катасынан кармап, каршы чабуулдарда ийгиликке жетишишти.
Голдор: Жиру (17-мүнөт), Матюиди (18-мүнөт), Вальбуэна (40-мүнөт), Бензема (67-мүнөт), Сиссоко (72-мүнөт), Жемайли (79-мүнөт), Жака (83-мүнөт). Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
ayakosya

21.06.2014. 10:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Франция мык каккандай кагыптыр го Швейцарияны. Кубанычтамын))))))))))
Kanat8427

21.06.2014. 20:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы оюн корсотушту алга.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.