super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Аргентина менен Германия майданга чыгат

 

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында бүгүн, 21-июнда “G” жана “F” тайпаларында беттештер орун алат. Төмөндө оюндар тууралуу маалыматтар жана командалардын ортосунда көңүл бурула турган жагдайлар камтылган.

“F” тайпасы. 2-тур.

АРГЕНТИНА - ИРАН

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону

Калыс: Милорад Мажич (Сербия)

Аргентина бул беттеште жеңишке талапкер экени талашсыз. Бирок Ирандын 1-турда Нигерияга каршы өткөргөн мыкты оюнун да эске алыш керек. Учурда Аргентина карамагындагы 3 упай менен тайпада биринчи орунду ээлеп келүүдө. Ал эми 1 ирет тең чыккан Иранда жалгыз упай бар.

 

"G" тайпасы. 2-тур.

ГЕРМАНИЯ – ГАНА

Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону

Калыс: Сандро Риччи (Бразилия)

Германия 1-тур оюндарынын алкагында Португалияны 4:0 эсебинде утуп, мелдеште фаворит экенин көрсөткөн. Фавориттер бул жолу Африканын өкүлүнө каршы ойноп, өз дареметин дагы бир ирет текшермекчи. Көңүл мелдеште бомбардирлердин катарын толуктап келаткан Томас Мюллер менен Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында мыкты бомбардир болоруна 2 гана голу калган Мирослав Клозеге бурулат.

 

“F” тайпасы. 2-тур.

НИГЕРИЯ – БОСНИЯ

Башталышы:  04:00 (Бишкек сааты боюнча)   

Стадион: Куяба шаары, “Арена Пантанал” стадиону

Калыс: Питер О`Лири (Жаңы Зеландия)

Нигерия менен Босния тайпадан чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ жана бул оюн командалар үчүн өтө баалуу. Бул эки команда өз оюндарын жеңгенге аракет кылышат жана ошол эле учурда Ирандын Аргентинага жеңилүүсүнө үмүт артышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.06.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентинанын куйормандары женишинер менен куттуктайм Бразилиянын куйормандарынын атынан!
ayakosya түзөттү 22.06.2014 00:23
22.06.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина менен Германя емес еле Германя менен Гана ойнойт не адашып жазып алгансынарбы админ
22.06.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nietkabyl, катачылык жок. Туура, Аргентина менен Германия ойнобойт, ал ичиндеги түшүндүрмөдө берилген. Темада болсо ушул курамалардын оюндары (экөөнүн атаандаштары бөлөк командалар) бүгүн ойной турганы айтылган.
22.06.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура тушундурбойсунорбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: