Жалал-Абадда кымыз майрамы өттү
Жалал-Абадда кымыз майрамы өттү. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата өткөн саамалыкты Тогуз-Торо районунун эли уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган райондун акими Тилек Идирисов билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Анын айтымында, кымыз майрамы Жалал-Абадда экинчи ирет өтүп жатат. Бул жолу көп улуттуу жалал-абаддыктарды биримдикке чакыруу демилгеси көтөрүлдү.
"Былтыр Жалал-Абад облусунда 15-июнда кымыз майрамы белгиленген. Анда биз, Тогуз-Торо району 1-орунду жеңип алганбыз. Ошон үчүн бул майрамды быйыл биз өткөрдүк”,- дейт аким.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















