super.kg logo

Нарын облусундагы селден улам Орток айылындагы 2600 адам таза суусуз калды

 

Нарын облусундагы селден улам Орток айылындагы 2600 адам таза суусуз калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.

Белгилүү болгондой, Нарын районунун Орток айыл аймагындагы Кайыңды айылында 20-июнда саат 23:30 чамасында Кайыңды сайынын Талды участкасында кар көчкү түшүп, сайдагы суунун агымын бөгөп калган. Анын кесепетинен суу топтолуп, кар көчкүсүнөн пайда болгон тосмодон ашып, катуу сел агыны пайда болуп, таза суу түтүгүнүн 1 чакырым аралыгын жараксыз абалга келтирип, Таш-Башат, Кайыңды айылдарынын 460 түтүн (2600 адам) тургуну таза суусуз калган. Мындан сырткары Таш-Башат сугат каналынын суу бөлүштүрүүчү аймагынын 500 метр аралыгы сел калдыктарына толуп калган.

Тазалоо иштерине ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 10 адам, жергиликтүү тургундарынан 7 адам жана 3 даана менчик трактор чиркегичи менен тартылып, 2014-жылдын 22-июнунда жумуш аяктаган.

Ал эми таза суу түтүгүнүн 1 чакырым аралыгына сарпталуучу каражат жоктугуна байланыштуу жумуш токтоп тургандыгы маалым болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: