super.kg logo
  Спорт  

Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүндө жаңы курулган спортзал колдонууга берилди

 

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында спортзалдын ачылуу салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер, билим берүү жана маданият кызматкерлери катышышты.

Анда Жеңиш Разаков куттуктоо сөз сүйлөп, элди сабырдуулукка, ынтымактуулукка жана биримдикке чакырды.

Ошону менен катар спортзалда волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарынын жана аскер бөлүктөрүнүн курама командалары катышып, мелдеш өткөрүлдү.

Ошондой эле маданият кызматкерлеринин демилгеси менен элге чоң концерттик программа тартууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: