Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бензема, Мюллер, Роббен жана башкалардан турган бомбардирлердин тизмеси
Мелдеште эң көп гол киргизген оюнчу "Adidas" тарабынан "Алтын бутса" сыйлыгы менен сыйланат.


Мелдеште эң көп гол киргизген оюнчу "Adidas" тарабынан "Алтын бутса" сыйлыгы менен сыйланат.

Арьен Роббен. Голландия. Карамагында 3 гол бар.

Голландиялык Робин ван Перси Испаниянын дарбазасына 2 гол, Австралияга 1 гол киргизип, бомбардирлердин тизмесине кошулду.

Карим Бензема. Франция. 3 голдун автору.

3 гол киргизген оюнчулардын баары европалык командаларда ойношот. Эннер Валенсия бомбардирлер тизмесиндеги Түштүк Американын жалгыз өкүлү.

Германиялык Томас Мюллер алгачкы оюнда Португалиянын дарбазасына 3 гол киргизген.
Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндары жыйынтыкталды. Эки оюнда башкалардан көп гол киргизип, бомбардирлер тизмесинин алдына чыккан оюнчуларды назарыңыздарга коёбуз. Бул биринчиликте көбүнчө ачык футбол ойнолуп жаткандыктан, 2010-жылдагыга салыштырмалуу көп гол кирүүдө.
3 гол киргизген оюнчулар:
Карим Бензема (Франция), Эннер Валенсия (Эквадор), Робин ван Перси (Голландия), Томас Мюллер (Германия), Арьен Роббен (Голландия).
2 гол киргизген оюнчулар:
Андре Айю (Гана), Клинт Демпси (АКШ), Жервиньо (Кот-д'Ивуар), Тим Кэхилл (Австралия), Марио Манжукич (Хорватия), Лионель Месси (Аргентина), Неймар (Бразилия), Луис Суарес (Уругвай), Хамес Родригес (Колумбия).
Кошумчалай кетсек, 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Томас Мюллер (Германия), Уэсли Снейдер (Голландия), Давид Вилья (Испания) жана Диего Форлан (Уругвай) бештен гол киргизип, бомбардир аталышкан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.