super.kg logo

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында сынак өтүүдө

 

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата пландаштырылган мааракелик иш-чаралардын алкагында “ОшМУнун эң мыкты 75 бүтүрүүчүсү” сынагы жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Окуу жайдын Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева:Сынакты уюштуруунун негизги максаты - кесиптик, илимий изилдөө жана коомдук ишмердикте өздөрүн көрсөтө алган ОшМУнун (мурдагы ОшПИнин) активдүү бүтүрүүчүлөрүн табуу. Алардын ишмердүүлүгүн даңазалоо аркылуу студенттерди эмгекти сүйүүгө, профессионалдуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо, университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча иштерин активдештирүү, өз кесибинин мыктыларын даңазалоо”,- деди. 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер ОшМУнун 2011-жылга чейинки бүтүрүүчүсү болуусу, 2-3 жылдан кем эмес адистиги боюнча эмгек стажына ээ болгон, коомдук иштерде активдүү, жеке сапаттары көрсөтүлгөн 2-3 иштеген жеринен пикир жана өндүрүштүк мүнөздөмө болуусу керек.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарынан талапкерлерден документтер түшүп, комиссия тарабынан текшерилүүдө. Катышууну каалаган ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү ушул жылдын 1-июлуна чейин документтерин тапшыра алышат.

Эске сала кетсек, ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган чоң салтанаттуу кечелер ушул жылдын 17-18-октябрь күндөрүнө пландаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: