super.kg logo

Жалал-Абад шаарындагы эстеликтер оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги аныкталды

 

Жалал-Абад шаарындагы эстеликтер оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындай билдирүүнү бүгүн, 23-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругунун негизинде шаар аймагындагы эстеликтердин абалын билүү максатында атайын комиссия курамы түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада шаар боюнча 26 эстелик бар болсо, анын баары оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталган.

Ал эми комиссиянын мүчөсү Үпөл Асаналиева: “Бүгүнкү күндө шаар ичиндеги эстеликтердин абалы өтө жаман, айрыкча Токтогул эс алуу багындагы эстеликтер сынып жок болуп бара жатат. Андан да таяктар менен сүйөп койгондору бар экени байкалды. Бүгүн текшерүүнүн жыйынтыгынан эстеликтерди оңдоп-түзөөгө канча каражат керек экенин аныктап, сессияга сунуш киргизебиз. Анткени тарыхый мурастарыбызды сактап калышыбыз керек”,- дейт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: