super.kg logo

Ысык-Көлдө улуттук оюндар ойнотулуп, экологиялык көйгөйлөрдү талкуулаган "Ынтымак" курултайы болуп өттү

 

21-июнда Ысык-Көл облусунун Семёнов айылына караштуу Кырчын жайлоосунда “Ынтымак” курултайы өткөрүлдү. Ага Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев, Ысык-Көлдөн чыккан коомдук ишмерлер, академиктер, профессорлор, чыгармачыл адамдар, жазуучулар жана башка элге эмгеги сиңген инсандар катышты.

Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында уюштурду.

Курултай элди ынтымакка, биримдикке, достукка үндөөгө багытталган.

Иш-чарада жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү боз үй тигишип, кыргыз улттук оюндарын: аркан тартыш, күрөш, жаа атмай жана башкаларды уюштурушту.

Курултайда Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу көйгөйлөр, алсак, көлдүн жээгиндеги тазалыкты жана региондогу туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды.

“Ар дайым элдин баалуулугу катары саналган салтты сактоо, буга чейин биздин ата-бабаларыбыз колдонуп келген жети атанын даанышман сөздөрүн эстен чыгарбоо керек”,- деп белгилешти курултайга катышкан аксакалдар.

Мындан тышкары иш-чарада театр актёрлору сахналаштырылган көрсөтүү сунушташып, эстрада артисттери чоң программадагы концерт тартуулашты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: