super.kg logo

"Түндүк электр" ишканасына 10 миллион сомдон ашык зыян келтирген ишканага кылмыш иши козголду

 

"Түндүк электр" ишканасына 10 миллион сомдон ашык зыян келтирген жоопкерчилиги чектелүү коомго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан бүгүн, 23-июнда билдиришти. 

Д.Г. аттуу жаран КРнын электр энергиясын бөлүштүрүү тууралуу мыйзамынын бузулуп жаткандыгы жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине кабарлаган. Белгилүү болгондой, “Түндүк электр” ААК менен “А.Э” ЖЧКсынын ортосунда кардарлардагы дебитордук карызды жоюу, электр энергияны берүүнү жакшыртуу жана башка бир катар талаптар менен келишим түзүлгөн. Бирок келишимдин талаптары аткарылбагандыгына байланыштуу келишим сот аркылуу кайра артка кайтарылган.

Бирок “А.Э” ЖЧКсы “Түндүк электр” менен келишими жоктугуна карабастан, кардарларды тейлөөнү уланта берген. Натыйжада “Түндүк электр” ишканасына 10 миллион 538 758 сом зыян келтирилген.

Буга катар эле Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Түндүк электр” ишканасына келишимдин жоктугуна карабай “А.Э” ЖЧКсы менен иштешүү боюнча көрсөтмө берген.

Белгилей кетчү жагдай, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүүчү бөлүмүнүн башчысы мыйзамсыз иш алып барган жогорудагы ЖЧКнын финансылык директорунун атасы болгон.

Учурда аталган фактылар текшерүүгө алынып, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: