“Дордой” атаандашын 7:0 эсебинде, “Алай” 6:0 эсебинде утту

21-июнда футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында 4 оюн орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын сайтынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул 4 оюнда жалпысынан 15 гол киргизилди. Өткөн жылдагы чемпион “Алай” менен “Дордой” бул жолу атаандаштарын ири эсепте утуп алды.
Оюндардын жыйынтыгы:
“Алай” (Ош) – “Манас” (Талас) – 6 :0
“Алдиер” (Куршаб) – “Дордой” (Бишкек) – 0:7
“Нефтичи” – “Ала-Тоо” – 1:0
“Абдыш-Ата” (Кант) – “Алга” – 1:1 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Алай алга!