super.kg logo

"Альфа Телеком" ишканасынан алдамчылык менен 500 миң Америка долларын алып чыгып кеткен" деп соттолгон Раушан Рыкунова шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылды

 

"Альфа Телеком" ишканасынан алдамчылык менен 500 миң Америка долларын алып чыгып кеткен" деген айып менен соттолгон Раушан Рыкунова шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан бүгүн, 23-июнда билдирилди.

Белгилүү болгондой, Раушан Рыкунова шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылган. Бирок ал Жаза аткаруу мекемесинин көзөмөлүндө белгилүү убакытка чейин болот жана ал убакыт аралыгында аталган жаран тарабынан мыйзам бузуу каттала турган болсо кайрадан абакка алынып барат.

Эске салсак, “Альфа Телеком” ЖАКы боюнча айыпталып жаткан Раушан Рыкунова 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Маалыматка караганда, Рыкунованын жаза мөөнөтү узартылган. Анткени биринчи инстанциядагы сот анын жаза өтөө мөөнөтүн 7 жыл деп туура эмес эсептеген. Сот өкүмүнө ылайык, ал жазасын аялдардын түзөтүү колониясында өтөп келген. Ал жогоруда аталган компаниядан 500 миң АКШ долларын чыгарып кеткен деп айыпталып жаткан.

Ошондой эле күйөөсү Влад Рыкунов жана сиңдиси Айнура Сим 6 жылга эркинен ажыратылган.  

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: