super.kg logo

Эльвира Сариева: "Кагаздын жетишсиздигине байланыштуу электрондук окуу куралдарын колдонуп башташыбыз керек"

 

Өкмөт электрондук билим берүүгө өтүү жаатында алгачкы кадамдарды шилтей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик билим берүү” аталышындагы эл аралык конференцияда билдирди.

“Биз глобалдык дүйнөнүн бөлүгү болуп туруп дүйнөлүк тенденциядан сырткары боло албайбыз. Буга улай эле кагаздын жетишсиздигине байланыштуу электрондук окуу куралдарын колдонуп башташыбыз керек. Жыл сайын окуу куралдарын чыгаруу үчүн бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине донорлор жардам беришет. Ар бир балада окуу материалдарын камтыган өзүнүн планшети болуусу үчүн өкмөт иш алып барууга бара жатат.

Бирок алдыдагы кадамдар азырынча китептерди жана окуу материалдарын санариптөөгө багытталууда. Мында электрондук тармакты билген ата-энелер жана балдар ал материалдарды колдоно алышат. Электрондук билим берүүгө өтүү бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдаланууга көмөк көрсөтөт. Биз аны колго албасак, анда аны бизнес аткарып алат. Бирок Конституцияда жазылган бекер билим берүү мыйзамын аткарган өкмөт биринчилерден болуп кадам ташташы керек”,- деп белгиледи Эльвира Сариева.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: