super.kg logo
  Саясат  

Ислам Каримовдун небереси үй камагында отурган апасы Гүлнара Каримова менен карындашынын эркиндиги үчүн күрөшөрүн айтып маек берди

 
Ислам Каримов жана кенже Ислам Каримов.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана неберелери.
Гүлнара Каримова уулу кенже Ислам Каримов жана кызы менен.
Журналист менен кенже Ислам Каримов.

2014-жылдын 21-июнунда орусиялык телеканалдардын бирине Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун небереси, Гүлнара Каримованын уулу маек берип, анда апасы менен 15 жаштагы карындашы Ташкентте үй камагында отурганы боюнча айткан.

"Азия ханзаадасынын алгачкы интервьюсу" деп аталган видеомаек учурда окурмандардын кызуу талкуусуна алынды. Ал апасынын таятасы тарабынан эмнеге куугунтукталып, үй камагына алынып жатканына токтолуп: "Быйыл ал жакка барганда (Өзбекстанга) бизди таптакыр киргизбей коюшту. Таятам менен апамды бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатышат. Эки жыл мурда бизди ууландырып да көрүшкөн. Апам дагы деле дарыланууда, мен жаш болгондуктан, тез эле айыгып кеттим",- деген.

22 жаштагы кенже Ислам Британиядагы Оксфорд университетинде билим алып, окуусуна да жан сакчылары менен барарын айткан. Ошондой эле апасы менен карындашынын үй камагына алынышы, апасына болгон кол салуу тууралуу айтып, алардын эркиндиги үчүн күрөшөрүн билдирген. Үй-бүлөлүк сүрөттөрү менен бөлүшүп, апасы Гүлнара Каримова менен акыркы ирет январь айынын соңунда жолугушканын кошумчалаган.

"Маекти таятам көрүп, апамдын азыркы абалын түшүнөр" деген Ислам буларды кошумчалады: “Акыркы жолу мен аны Ташкенттен көрдүм. Менин алар менен байланышым чектелүү, мен билбеген жагдайлар да бар. Бирок анык билем, апамды, карындашымды үйдөн да, өлкөгө да чыгарбайт. Жадакалса карындашым окуусуна келе алган жок (Улуу Британияга). Бул ага айтылбай жасалган иш. Эгерде жакынкы аралыкта аны менен жолугушканга, ошондой эле өзүнүн дарылануусун улантканга мүмкүнчүлүк бербесе, анда мен ойлойм, болуп жаткан окуянын бардык аспектилерин изилдөөнү башташ керек”.






Ислам Каримовдун небересинин чырлуу интервьюсу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: