super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугунун чечүүчү оюндарына карабай айрым оюнчулар орозо кармоого ниеттенишүүдө

 
Германия курама командасынын жарым коргоочусу Месут Озилдин майданга чыгар алдында дайыма бата тартып, дуба кылганын байкоого болот.

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы 27-июнь түнү жыйынтыкталат. Ал эми ыйык Орозо айы 28-июнга туш келет. Мелдештин чечүүчү баскычка келгенине карабай айрым мусулман футболчулар орозо тутууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалым болгондой, Кот-Д`Ивуар курамасынын коргоочусу Коло Туре баштаган футболчуларда ниет бар экени белгилүү болду. “Мен үчүн орозонун алгачкы 5 күнү гана кыйын. Андан кийин организм көнүп кетет” деп билдирген К.Туре.

Кошумчалай кетсек, Орозо айы менен Мундиаль акыркы жолу 1986-жылы дал келген. Анда да орозо туткан футболчулар болгон. Учурда аалам биринчилигине катышып жаткан оюнчулардан Месут Озил (Германияны оюнчусу), Карим Бензема, Бакари Санья (Франциянын оюнчулары), Яя жана Коло Турелер (Кот-д’Ивуар), Маруан Феллаини, Мусса Дембеленин (Бельгия) ислам дининин талаптарын так аткарып жүргөнү айтылып келет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.06.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла раазы болсун
23.06.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маашаллах,алла ыраазычылыгы учун болсун,ушул футболисттерди ийгилик колдосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: