super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Испания мелдештеги соңку оюнун өткөрсө, Голландия менен Чили 1-орунду талашат

 

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 3-тур оюндарына кезек келип жетти. Бүгүн “А” жана “В” тайпаларында тайпалык баскычтагы акыркы оюндар орун алат.

“В” тайпасы. 3-тур

Алгач “В” тайпасындагы оюндарды көрөбүз. Анда алгачкы 2 турда уттуруп жиберген Испания курамасы менен Австралия мелдештеги акыркы оюндарын өткөрүшөт. Бул оюнда командалар күйөрмандар үчүн гана ойной турганы белгилүү. Ал эми алтыдан упай топтоп, тайпадан чыгууну эбак камсыздаган Голландия менен Чили тайпадан кимдин биринчи болуп чыгарын өз ара аныкташмакчы. Бул оюнда жеңиш ээсин алдын ала айтуу оңойго турбайт.   

АВСТРАЛИЯ - ИСПАНИЯ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Куритиба шаары, “Арена Байшада” стадиону  

Калыс: Абдулла Шукралла (Бахрейн)

ГОЛЛАНДИЯ – ЧИЛИ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону  

Калыс: Бакари Гассама (Гамбия)

“А” тайпасы. 3-тур

Бразилия курамасы бүгүн тайпалык оюнда Камерунду утса, тайпадан 1-орунду ээлеп чыгат. Бул жолу “А” тайпасы Хорватия менен Мексиканын ортосундагы оюн менен көңүл бурдурат. Себеби мыкты ойноп жаткан бул курамалардын утканы тайпадан чыгып, утулганы мелдештен четтейт. Ал эми тең чыгуу Мексиканын пайдасына чечилери белгилүү.

КАМЕРУН - БРАЗИЛИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Бразилиа шаары, “Улуттук” стадиону  

Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция)

ХОРВАТИЯ – МЕКСИКА

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Ресифи шаары, “Арена Пернамбуку” стадиону  

Башкы калыс: Равшан Ирматов (Өзбекстан)

Калыстын жардамчылары: Б.Кочкаров (Кыргызстан), А.Расулов (Өзбекстан)

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: