super.kg logo
  Саясат  

Эркингүл Иманкожоева президенттин мөңгүлөр жөнүндө мыйзамга кол койбогонуна Тайырбек Сарпашевди күнөөлөдү

 

Бүгүн, 23-июнда парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева президент Алмазбек Атамбаевдин мөңгүлөр жөнүндө мыйзамга кол койбогонуна биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев күнөөлүү экенин айтты. Депутаттын айтымында, Тайырбек Сарпашев болбогондо өлкө башчы мөңгүлөр жөнүндө мыйзамга кол коймок.

"Бул мыйзам долбооруна Алмазбек Атамбаев кол коймок. Тилекке каршы, Тайырбек Сарпашев “мыйзам күчүнө кирсе, "Кумтөрдүн" иши токтоп калат” деп туура эмес маалымат берген",- дейт Иманкожоева. Мыйзам долбоорунда "Кумтөрдүн" ишин токтотуу боюнча эч кандай сөз жок экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы тууралуу каршы пикирин билдирип, анын негизинде мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлгөн.

Ал мыйзам долбоорунда мөңгүлөргө жакын жайгашкан жердеги кендерди ачык түрдө казып алууга тыюу салуу сунушталган.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы тууралуу каршы пикирин билдирип артка кайтарган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: