super.kg logo
  Саясат  

Борбордук чалгындоо башкармалыгы Усама бен Ладен куурчактарын жасап чыгарды

 
Борбордук чалгындоо башкармалыгы Кытайдын оюнчуктарды жасоочу компаниясы менен биргеликте Усама бен Ладен куурчактарын жасап чыгарды. Бул долбоор "Шайтандын көзү" деп аталат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азырынча мындай куурчактан канча даана жасалганы жана дагы канчасы иштелип чыгарылары белгисиз. Маалыматтарда жүзгө жакын "Усама бен Ладен" Жакынкы Чыгышка таратылганы айтылат. Ал эми Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Райан Трапани жүздөгөн куурчактын чыгарылганын четке кагып, "АКШга бузукулардын башчысынын кейпи кандай болгонун көрсөтүү максатында 3 даана куурчак чыгарылды" деп маалымат берген. 
Белгилей кетсек, Усама бен Ладен 2011-жылы АКШнын атайын аскерлери тарабынан Пакистандын Абботабад шаарында өлтүрүлгөн. 6-майда бул маалыматты "Аль-Каида" уюму да тастыктаган. Усаманын өлгөндүгүн АКШнын президенти Барак Обама жана Пакистан чалгындоо кызматынын башчысы Ахмед Паша да тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: